Ысык-Ата районунда кожоюну кол алдындагы жумушчуну мыкаачылык менен өлтүргөнү аныкталды

Ысык-Ата районунда кожоюну кол алдындагы жумушчуну мыкаачылык менен өлтүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 31-январь күнү милицияга оор кылмыш боюнча чалуу түшкөн. Анда Милянфан айылындагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылганын айтышкан. 
36 жаштагы маркумдун аты-жөнүн тактап, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. 
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү деп үйдүн 52 жаштагы кожоюну кармалды. Иликтөөдө маркум анын колунда койчу болуп иштегени белгилүү болгон. 
Мас абалында өлтүрүп салганы аныкталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
liliya-gul
2014-02-03 14:22:47
Эмне болуп баратабыз
+1
sultan89
2014-02-03 15:41:10
милянфан дунгандардын айылы болсо керек еле койчу болуп иштегени ким болдукен интересно кыргыз болбосунда
+1
SaliXa
2014-02-03 17:45:13
Кудай сактасын ушундай айбандардан!
+1
Feride07
2014-02-03 18:13:43
Эгер ошол кожоюн дунган болсо,койчуман кыргыз болсо биз кантип унчукпай калабыз.Вообще-то пришло время показать кто в доме хозяин.Биздин ынтымаксыздыгыбызды корушкон башка улуттун окулдору билгендерин жасап жатышат,а биз бийлик талашмай,митинг,жол тосмой менен убарабыз.Келгиле кыргыздар ынтымакта жашайлы,тундук-туштук,ууру болуп болунбойлу,бири-бирибизди колдойлу,буттан тартпай,аксакалдарыбызды сыйлайлы,ошондо эч ким бизди сындыра албайт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан