Кемин районундагы автокырсыктан 4 адам жабыркап, 1 жаштагы бала каза болду

Кемин районундагы автокырсыктан 4 адам жабыркап, 1 жаштагы бала каза болду. Мындай билдирүүнү Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди. 15-декабрь күнү 16:30дар чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 84-чакырымында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу Б.А. рулду башкара албай, алдында келе жаткан Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп алган. Жыйынтыгында жол кырсыгынан 4 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми унаалардын бириндеги 1 жашар бала жаракаттан улам каза болду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Meris
2012-12-18 13:31:02
МАИ кызматкерлери кармагандарды акча алып кайра рулга отургузуп жатышса албетте болот. 8 сомдо н 10 сомго чыгарды жол акыны шарттарды онойбуз деп кана ал шарт баяккы бузулган, отургучтары сынган, калчылдаган он жооп бербеген же терезеден тышы корунбогон унаалар жана баякы эле армандуу жургунчулор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан