Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Талас облусунда жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Быйыл облус аймагында сел жана суу ташкындарынын алдын алуу максатында ачык жана жабык дренаждарды куруу, оңдоп-түзөө иштери жалпы 22 объектте жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, "Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорунун алкагында облустун аймагындагы 2 объектте курулуш иштери аткарылууда. Алсак, Манас районунун Көк-Дөбө айылында 150 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу жүрүп жатат. Ал эми Бакай-Ата районунун Маданият айылында 275 окуучуга ылайыкташкан мектеп курулууда.
Министр аталган объекттерди жеринен көрүп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына көңүл бурду. Тиешелүү жетекчилерге курулуш иштерин тездетип, объекттерди өз убагында пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.