Диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Сыйлыкты бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров анын уулу Абдулла Жалиловго тапшырды.
Белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов 45 жашында 2020-жылдын июль айында коронавирустан каза болгон. Ал 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген.