Испания курама командасы менен “Евро-2008ди” уткан машыктыруучу Луис Арагонес көз жумду

Футбол боюнча Испания курама командасынын мурунку башкы машыктыруучусу Луис Арагонес 76 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу испаниялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Арагонес 1-февраль күнү Мадриддеги ооруканалардын биринде көз жумган.

Луис Арагонес 40 жыл машыктыруучулук менен алектенген. Ал түрдүү жылдары испаниялык “Атлетико”, “Барселона” сыяктуу клубдарды машыктырган. Андан тышкары “Евро-2008де” Испания курама командасы жеңишке жетишкенде машыктыруучулук кызматта Арагонес турган. Ал карьерасын жыйынтыктаганын өткөн жылдын декабрь айында жар салган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NBAA
2014-02-03 14:11:15
Jaman boldu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан