"Титаник" тасмасынын башкы саундтреги болгон "My Heart Will Go On" ырын аткарган Селин Дион 6 жылдан кийин кайрадан чоң сахнага чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Концерт 12-сентябрда Париждеги Plenitude Arenaда өтүп, ага 30 миңге жакын көрүүчү келген.
58 жаштагы Дион көрүүчүлөргө кайрылып, сахнага кайра чыгууга убада бергенин айтып, күйөрмандарына колдоосу жана сабырдуулугу үчүн ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, Селин Дион 2022-жылы сейрек кездешүүчү неврологиялык оорунун белгилеринен улам концерттик ишмердигин убактылуу токтоткон.