Эстрада ырчысы Улук Назар эксклюзивдүү маегинде “Аманатым” — 24 милллион, “Жарат” — 9 миллион, “Издедим” — 7 миллион көрүү топтогон ырларынын ийгилиги, миллиондогон көрүүлөрдүн сыры жана чыгармачылыктагы максаттары тууралуу айтып берди.
Ошондой эле эмгек сиңирген артист Бактияр Токторовдон коркуп, качып кеткен кызыктуу окуясын, апасынан айрылгандан кийинки оор мезгили, тойдо фонограмма ырдап уят болгону, эмне үчүн жеке жашоосун сыр бойдон калтырганы, сахнаны 360 градус форматында көрсөтүү аракети, “концерттен минуска кирди” деген сөздөргө жообун Super.kg порталындагы маегинен көрүңүз.