АКШнын президенти Дональд Трамптын айтымында, Украина Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына сокку урбоого макул болду.
Трамп бул тууралуу өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында жазып, Орусия да ушундай эле милдеттенмени алганын билдирди.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин украиналык энергетикалык объектилерге массалык соккулар Киевдин Орусиянын экономикасын алсыратуу боюнча максаттарына жооп катары жасалып жатканын билдирген.
Орусиянын Коргоо министрлиги мындай соккулар Украинанын аскердик-экономикалык потенциалын төмөндөтүүгө багытталганын белгилеп келген.