Казакстанда мышык унаанын ачык терезесинен салонго кирип, аны жүргүзүп алган. Бул тууралуу кечээ, 14-сентябрда социалдык тармактарда видео тараган.
"Тест-драйв" көпкө созулган эмес. Унаа бетон тосмого урунуп, андан кийин мышык окуя болгон жерден качып кеткен.
Буга чейин мышык менен байланыштуу кызыктуу окуя 8-августта Москвада да катталган. Анда мышык суу чоргосун буту менен ачып, кошуна батирди суу каптатканы кабарланган. Анын ээси келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 654 миң рубль төлөөгө милдеттендирилген.