Ош шаарында жарандардын арызынын негизинде батирден көп көлөмдөгү таштанды чыгарылды.
Кечээ, 14-сентябрда Муниципалдык инспекция "Тазалык" ишканасы менен биргеликте Чкалов көчөсүндөгү №31 даректе текшерүү жүргүзгөнүн мекемеден билдиришти.
Анын жүрүшүндө батирде мыйзам бузуу фактысы аныкталып, эки автоунаага жакын көлөмдөгү таштанды чыгарылып, үй тазаланды.
Окуя боюнча батирдин жашоочусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.