Биз социалдык тармакта

Өлкө боюнча 147 миңге жакын бала биринчи класска барды

Быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын бала биринчи класска кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Агартуу министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, өлкө боюнча 2374 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпы республикада 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.

"12 жылдык билим берүү системине өтүүнүн экинчи этабынын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы системге өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстын окуучулары 11 жылдык систем боюнча окуусун улантышат",- деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан