Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Ак-Жар конушунун 8-көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:01де жалпы эки бөлүм тартылган. Өрт саат 09:19да толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар тууралуу маалымат такталууда.