Чүйдө ашыкча жүк жүктөгөн чоң унаалардын текшерүүдөн тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзгөн факт аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 14-сентябрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин айрым жетекчилиги жана Чүй облусундагы транспорттук жана салмак-габариттик көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери ашыкчы жүгү бар оор жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.