Ысык-Көлдө спорт журналисттеринин спартакиадасы өттү.
Мелдеш 12-13 сентябрь күндөрү “Кыргыз деңизи” санаториясында өтүп, журналисттер спорттун футзал, волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча күч сынашты.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине белгилүү балбан айым Айсулуу Тыныбекова катышып, байге алгандарга медаль, дипломдор тапшырылды.