Кыргызстандык спортчу Бакыт Кадыров жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынды.
CJJIF версиясы боюнча Азиянын ачык чемпиондугу 10-13-сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында өттү. Кадыров финалда Өзбекстандын өкүлү Баховиддин Ганиевди жеңип, чемпион аталды.
Бул Кадыровдун Азия чемпиондугундагы бешинчи жеңиши болду. Ал 2022, 2023, 2024 жана 2025-жылдары да чемпион болгон.
Ошондой эле спортчу 2025-жылы Мадридде өткөн Дүйнө чемпиондугунда да алтын медаль жеңип алган.