Бүгүн, 15-сентябрда соцтармактарда курулуш министри Нурдан Орунтаевдин видеосу тарады. Андан бир нече адамдын курчоосунда турган министрди бир жаран маркум апасына акаарат келтирүүгө айыптап жатканын угууга болот.
Өз кезегинде Орунтаев анын айыптоосун четке каккан. Видео "Ынтымак Ордонун" алдында тартылганы айтылууда.