2026-2027-окуу жылында Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз тилдүү класстар үчүн 4330 орун бөлүнүп, 2790 окуучу кабыл алынган. Ал эми орус тилдүү класстарга 7866 орунга квота бөлүнүп, 7613 бала 1-класска кабыл алынды.
Белгилей кетсек, шаар боюнча 143 мектеп бар. Алардын 70и мамлекеттик, 73ү жеке менчик. Муниципалитет жакында дагы бир мектеп пайдаланууга берилерин билдирди.