Биз социалдык тармакта

Өлкөдө окуу жылынын башында жаңы курулган 40 мектеп пайдаланууга берилди

2026-2027-окуу жылына карата Кыргызстанда 81 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады.

Курулуш министрлиги бүгүн, 15-сентябрда маалымдагандай, анын ичинен 40 мектеп жаңы курулса, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

"Эң көп объект Жалал-Абад облусунда, 26 мектеп болду. Ысык-Көлдө 11, Нарында 13, Бишкекте 9, Ош облусунда 9, Баткенде 5, Чүйдө 4 жана Таласта 4 мектеп даярдалды. Мындан тышкары, Бишкек, Ош жана Манас шаарларында дагы 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө даярдык иштери жүрүп жатат",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан