31-январда саат 02:40 чамасында Бишкектин 6-кичи районундагы 22-үйдүн жанында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын 2 дөңгөлөгүн уурдап жаткан жерден милиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармап алышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери төрт жигитти кармашкан. Алар 1994-жылы туулган К.Бекберген, К.Нурсултан, М.Медер жана 1988-жылы туулган А.Чынгыз экени аныкталган. Учурда Октябрь РИИБи тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.