Биз социалдык тармакта

Агартуу министрлиги окуу китептери боюнча билдирүү таратты

"Окуу китеби" басма үйү мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстери эркин сатууга чыгарылбайт. Бул тууралуу 15-сентябрда Агартуу министрлиги эскертти.
Мекеме кабарлагандай, учурда базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин сатуу фактылары катталууда.
"Буга байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Башкы прокуратурасына, УКМКга жана ИИМге расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Министрлик жеке жана юридикалык жактарды окуу китептерин мыйзамсыз сатпоого, таратпоого жана сатууга ортомчулук кылбоого чакырат",- деп жазылат маалыматта.
Ал эми менчик мектептер окуу китептерин "Учкун" ААКсы менен келишим түзүү аркылуу гана сатып ала алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2026-09-15 16:37:00
Баардык окуучуларга жеткендей китеп басып чыгарып койсоңор ошондой эч ким сатпай да албай да калат эле го. Силер сатпа деп кыйнайсынар, мугалимдер сатып алгыла деп атышат. Эмне кылат ошондо окуучулар???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан