Биз социалдык тармакта

Саммитте жаңгак жеген индиялык өкүл элдин көңүлүн бурду (видео)

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү БРИКС саммитинде жаңгак жеп отурган учурунда камерага түшүп, социалдык тармактарда талкууга түштү.

Кадрдан көрүнгөндөй, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан сүйлөп жаткан учурда индиялык өкүл кутудагы жаңгактарды биринин артынан бирин жеп, манжаларын да жалап жетишкен. Кийин протокол кызматкерлери кутуну алып кетишкен.

Быйылкы 18-БРИКС саммити 12-13-сентябрда Нью-Делиде өттү. Ага уюмга мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Жаңгак жеп жаткан өкүлдүн видеосу социалдык тармактарда тарап, саммиттин расмий күн тартибинен тышкары көңүл бурган учурлардын бирине айланды.

Саммитинде жаңгак жеген индиялык өкүл элдин көңүлүн бурду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан