12-сентябрда Чолпон-Ата шаарында «2026 VISA Asia Triathlon Cup Cholpon-Ata» эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мелдешке 17 өлкөдөн 100дөн ашуун спортчу катышып, сууда сүзүү, веложарыш жана чуркоо боюнча күч сынашты.
Кыз-келиндер арасында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1. Диана Исакова — 1 саат 7 мүнөт 27 секунд;
2. Яна Ченская — 1 саат 8 мүнөт 41 секунд;
3. София Тихонова — 1 саат 9 мүнөт 57 секунд.
Эркектер арасында:
1. Дарын Конысбаев — 1 саат 49 секунд;
2. Григорий Антипов — 1 саат 1 мүнөт 1 секунд;
3. Алексей Петровский — 1 саат 1 мүнөт 10 секунд.