Бүгүн, 16-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Бишкек шаарынын мэриясынын жасаган кадамдарын сынга алды.
"Болот Ибрагимов (ред.: депутат) Бишкектеги жолдор боюнча кайрылуу кылса, эртеси күнү "калп айтып жатат" деген видео чыкты. "Жолдор түптүз, сонун экен" дейт. Мэрия биз колубуздан келишинче колдоп жатабыз. Бирок мынчалыкка барбагыла да, бардык нерсенин чеги бар. Бишкектеги жолдордун ээрип жатканы калппы? Веложолдорго шылдың кылып коюп койгон мамыларыңар калппы? Мунун баары чындык. Эл көрүп жатат",- деди эл өкүлү.