Биз социалдык тармакта

Депутат Бишкекте метро курууну тездетүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Бишкекте тыгын көйгөй болуп жатканын белгилеп, тез арада метро куруу маселесин чечүү керектигин айтты.

Ал мамлекеттин экономикасы өскөнүн, андыктан метро салууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

"Мына, бизге азыр инвесторлор келе башташты. Мамлекет туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Муну дүйнө жүзү айтып жатат",- деди ал парламенттин 16-сентябрдагы жыйынында.

Айта кетсек, борбор калаага метро куруу маселеси байма-бай айтылып келет. Бул сунуш Жогорку Кеңеште да бир нече ирет айтылган. Метро Бишкектин башкы планына киргизилген.

Депутат Бишкекте метро курууну тездетүүгө чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан