Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Сеул шаарындагы Чхонвадэ мамлекеттик резиденциясына барды.
Мамлекет башчысын жана биринчи айымды Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жана биринчи айым Ким Хе Гён тосуп алышты.
Расмий тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Андан соң лидерлер сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залына бет алышты.