Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында Исмаилбек Таранчиев атындагы орто мектепте окуу баштала электигин айтып, сынга алды.
Эл өкүлүнүн айтымында, билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө иштери аягына чыкпай калганы үчүн окуучулар 10 күндөй онлайн окутууга өткөрүлгөн.
"Имараттын полу сырдалып, кургай элек экен. 3 ай эмне кылышты? Жалпы окуучулар онлайн окуйт дегени эмнеси? 15-сентябрда окуу башталса",- деди депутат.