Жети-Өгүз районундагы Барскоон суусунда өлгөн балыктар лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу 16-сентябрда Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, 12-сентябрда өлгөн балыктардан тиешелүү үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлгөн.
Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилет.