Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков университеттерде окуу башталары менен контракттын 50 пайызын төлөө милдеттендирүүсү студенттерге кыйынчылык жаратып жатканын айтты.
Эл өкүлү бул чекти 10 пайызга түшүрүү керек деп эсептейт.
"Ата-энелер "жай убак болуп, жыйын-терин баштала элек болсо, мал-жандык тоодон түшө элек болсо, бизге оорчулук жаратып жатат" деп кайрылышууда. Ошон үчүн ушул маселени карап чыксаңар. Бүгүнкү күндө контракттын баасын билесиңер",- деди Чойбеков.