Биз социалдык тармакта

Боливия менен Парагвай 88 жылдан кийин чек ара маселесин бүтүрүштү

Боливия менен Парагвай 1932-1935-жылдардагы Чако согушу аяктагандан кийин, 1938-жылы башталган чек араны демаркациялоо ишин аякташты.

Бүгүн, 16-сентябрда чет элдик басылмалар жазышкандай, Боливия менен Парагвайдын ортосундагы чек аранын узундугу 742 чакырымды түзөт, анын 38 чакырымы дарыялар. 1938-жылдын июль айында Боливия менен Парагвайдын ортосундагы Тынчтык, достук жана чек аралар жөнүндөгү келишимге кол коюлган. Ошол эле жылдын декабрь айында биргелешкен чек араны демаркациялоо комиссиясы иштей баштаган.

Тарыхчылардын эсептөөсү боюнча, XX кылымда Түштүк Америкадагы эң ири куралдуу кагылышуу деп эсептелген Чако согушунда 50 миң боливиялык жана 40 миң парагвайлык жаран каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан