Кечээ, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына атайын унаа, техникалар жана санариптик жабдуулар тапшырылды.
ӨКМден маалымдашкандай, башкармалыкка төмөнкү техникалар жана жабдуулар берилди:
- Шакман вахталык унаасы – 1 даана;
- Утилитардык кар унаасы – 2 даана. Куткаруу чанасы атайы жүк ташуучу чиркегичтери менен кошо алынган;
- Суу алдындагы дрон – 1 комплект;
- Квадрокоптер – 1 комплект. Абадан байкоо жүргүзүү жана аймакты мониторингдөө үчүн пайдаланылат;
- Starlink Mini – 2 комплект. Өзгөчө кырдаал болгон аймактарда үзгүлтүксүз спутниктик байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Жаңы техникалар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн каражатка сатылып алынган.