Социалдык тармактарда жасалма интеллекттин жардамы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бийлеп жаткандай көрсөтүлгөн видео тараган.
Аталган видеоматериал коомчулукта кеңири талкууга алынган.
Бүгүн, 16-сентябрда видеону даярдаган жаран аныкталып, ага түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
ЖКККББ жарандарды кыргыз милициясынын кызматкерлеринин образын жасалма интеллект аркылуу бурмалап, коомчулукта туура эмес түшүнүк жаратуучу жана милициянын кадыр-баркына шек келтире турган материалдарды даярдап, таратпоого чакырды.