Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында уран өндүрүшүнөн калган имараттар, шахта жана радиоактивдүү күл төгүндүлөр рекультивацияланат. Бул тууралуу 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, министр Канатбек Чыныбаев рекультивациялоо ишинен жерине барып кабар алып, тиешелүү кызматкерлерге ишти сапаттуу жүргүзүү керектигин тапшырган.
Белгилей кетсек, 2019-жылы "Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасынын алкагында Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайда рекультивациялоо жумуштары бүткөрүлгөн. Алдыда имараттарды демонтаждоо, радиоактивдуу күл төгүндүлөрдү коопсуз жайга көчүрүү иши турат.