Эртең, 17-сентябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт.
Синоптиктер билдиргендей, Бишкек, Ош шаарларында жана Таласта күн ачык болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9... +14, күндүз +26... +31;
- Талас жергесинде түнкүсүн +5... +10, күндүз +22... +27;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14... +19, күндүз +27... +32;
- Нарын аймагында түнкүсүн +3... +8, күндүз +21... +26;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6... +11, күндүз +19... +24;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +11... +13, күндүз +27... +29 градус жылыйт.