Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова парламенттин 16-сентябрдагы жыйынында "Балага сүйүнчү" бир жолку берилчү жөлөк пулунун суммасын көбөйтүүнү сунуштады.
Эл өкүлү билдиргендей, 2018-жылдан бери жөлөк пулдун суммасы 4 миң сомду түзөт.
"Андан бери 8 жыл өттү. Бул аралыкта инфляция өстү. Мындан улам бул сумманын реалдуу мааниси жана сатып алуу мүмкүнчүлүгү бир кыйла төмөндөдү. Буга байланыштуу жөлөк пулдун суммасын 4 миң сомдон 10 миң сомго көтөрүүнү демилгелеп жатам",- деди депутат.