Бүгүн, 16-сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу өттү.
Мэриядан кабарлагандай, жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Тараптар достук байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга болгон расмий сапарынын жана "Борбордук Азия – Корея Республикасы" биринчи саммитинин алкагында өттү.