Талас шаарында электробустар келерки жумадан тарта толук каттамга чыга баштайт. Бул тууралуу 15-сентябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда электробустар Кырк-Казык, Жон-Арык, Көк-Ой, Орто-Арык “Манас Ордо” багыттарына, ошондой эле шаар ичиндеги айрым көчөлөр аркылуу каттамдарды аткарууда.
Жол кире акысы шаар ичинде 20 сом, Жон-Арык багытына 25 сом, Кырк-Казыкка 30 сом, ал эми “Манас Ордо” жана Орто-Арык айылына 40 сомду түзүүдө.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда президент
Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас шаарына 30 электробустун ачкычтары
тапшырылган.