Биз социалдык тармакта

Түп айылындагы өрт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында турак үйдөн чыккан өрт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, өрт Мох көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан. Өрт катталган күнү ӨКМдин атайын комиссиясы окуя болгон жерге барып, өрттүн келип чыгуу себептерин алдын ала изилдеген.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда тараган "өрт өчүрүү бөлүгү турак үйгө жакын жайгашканына карабастан, өрт өчүрүүчүлөр кечигип келишти" деген видео жана үй ээсинин кайрылуусу боюнча да кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилип, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилиги каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан