Биз социалдык тармакта

Microsoft ЖИ моделдери үчүн жүрүм-турум кодексин сунуштады

Microsoft 14-сентябрда компаниянын ички жасалма интеллект (ЖИ) моделдери үчүн жүрүм-турум кодексинин долбоорун жарыялады.

Документке ылайык, Microsoft компаниясынын ЖИ системалары адамдын кийлигишүүсүнө эч кандай учурда каршылык көрсөтпөшү керек. Тактап айтканда, адам ЖИнин катасын оңдоо же системаны токтотуу чечимин кабыл алса, система ага тоскоол болбошу зарыл.

Мындан тышкары, ЖИ адамга түшүнүктүү жана так формада баарлашууга тийиш. Кодексте белгиленген талаптардын ар кандай бузулушу системанын ишиндеги ийгиликсиздик катары бааланары айтылат.

Microsoft бул принциптерди ЖИ системаларын адамдын көзөмөлүндө жана коопсуз иштетүүгө багытталган чаралардын бири катары карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан