Биз социалдык тармакта

Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал жакында аяктарын айтты

Бүгүн, 17-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал жакын арада аяктай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Түндүк Каролина штатындагы митингде сүйлөп жатып айтканын чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

"Бул согуш дизелдик отундун баасын көтөрүп жатат, бирок мунун баары абдан жакын арада аяктайт",- деди Трамп.

Ал Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды өзү баштан өткөрүп жаткан эң татаал маселелердин бири деп атады.

Буга чейин, 14-сентябрда Трамп Москва менен Киев энергетикалык инфраструктурага сокку урбоого макул болгонун билдирип, Кремль бул сунушту "жакшы идея" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан