Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюндарында кызмат кылган ыктыярчыларга "Адамга адам керек" тасмасы тартууланды (видео)

Кечээ, 16-сентябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кызмат кылган ыктыярчылар үчүн "Адамга адам керек" тасмасынын атайын көрсөтүүсү уюштурулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага тасманын режиссёру Азамат Арыков баштаган чыгармачыл топ катышып, тасманы ыктыярчыларга тартуулашты. Көрсөтүүгө министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, агартуучу Гапыр Мадаминов жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кызмат кылган ыктыярчылардын жетекчиси Ишенбек Курманакунов катышкан.

Иш-чаранын максаты - ыктыярчыларга колдоо көрсөтүп, маданий иш-чара аркылуу аларга жакшы маанай тартуулоо болгон.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кызмат кылган ыктыярчыларга "Адамга адам керек" тасмасы тартууланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан