Айыл чарба министрлигинин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директору болуп Эркин Бакиров дайындалды.
Аны департаменттин жамаатына 16-сентябрда министрдин орун басары Асылбек Сатыбалдиев тааныштырды.
Эркин Бакиров 1982-жылдын 9-мартында Талас облусунун Манас районундагы Манас айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юриспруденция, Каржы жана кредит факультеттерин аяктаган.
Бир катар жооптуу мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.