Өлкө аймагында бүгүн, 17-сентябрда саат 06:36да 3 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын очогу Нарын шаарынан 75 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3 балл, Ак-Бейит айылында 2 баллга жеткен.