Бүгүн, 17-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Сары-Жаз дарыясына курулган "Зайнулин" жана "Ак-Үңкүр" көпүрөлөрү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көпүрөлөрдүн курулушу 2025-жылы министрлик тарабынан башталган. "Зайнулин" көпүрөсүнүн узундугу 76 метр болсо, "Ак-Үңкүр" көпүрөсү 143 метрди түзөт.
Көпүрөлөр 180 миң гектардан ашык жайытка жетүүнү жеңилдетип, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана аймактагы транспорттук каттамдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, Сары-Жаз дарыясына дагы 32 жана 12 метрлик эки көпүрө курулуп жатат. Аларды октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.