Кечээ, 16-сентябрда Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Георгий Тихий эл аралык авиакомпанияларды Орусиянын аба мейкиндигинде учуудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдады.
"Биз Орусиянын асманынан этият болууга чакырыгыбызды кайталап жатабыз, анткени ал чындап эле коопсуз эмес. Орусия өзүн таптакыр жоопкерчиликсиз алып жүрүүдө",- деди Тихий.
Анын айтымында, согуш уланып, тараптар дрондорду жана ракеталарды колдонуп жаткан шартта Орусия аба мейкиндигин жапкан эмес.
Белгилей кетсек, Украина буга чейин да сентябрдын башында эл аралык авиакомпанияларды Орусиянын аба мейкиндигинен алыс болууга чакырган.