Кытайдын Ubtech компаниясы жылына 10 миңден ашык гуманоид робот чыгарууга жөндөмдүү дүйнөдөгү биринчи акылдуу заводун ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Компаниянын маалыматына караганда, завод 12-сентябрда Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунун Лючжоу шаарында расмий иштей баштаган. Ubtech бул заводду массалык көлөмдө гуманоид робот чыгарууга жөндөмдүү дүйнөдөгү биринчи өндүрүш жайы деп атады.
Өндүрүш процесси дээрлик толугу менен автоматташтырылган. Заводдо роботтор башка роботторду чогултуу, жүктөрдү ташуу жана жүктөө сыяктуу иштерге да тартылган.