Биз социалдык тармакта

Түндүк Корея АКШны өзөктүк согушка даярданып жатат деп айыптады

Кечээ, 16-сентябрда Түндүк Кореянын Коргоо министрлиги АКШ Корей жарым аралында өзөктүк согушка даярданып жатат деп билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери жазышты.

"Бул биздин мамлекетке каршы өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралдарды колдонууга багытталган ачык тирешүү билдирүүсү",- деп айтылат КЭДР Коргоо министрлигинин өкүлүнүн билдирүүсүндө.

Ал АКШнын аймактагы аскердик аракеттери Корей жарым аралындагы чыңалууну күчөтүп, массалык кыргын салуучу куралдарды колдонуу коркунучун жогорулатып жатканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан