Биз социалдык тармакта

Эми этти канча сомдон сатып алабыз? Аймактарга жараша баа бекитилди

Өлкөдө эттин баасын туруктуу кармоо үчүн атайын баа бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, атайын наркты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы малды багуудан тарта базарга чейинки кеткен чыгымдарды анализдеп чыгып, анан кабыл алган.
  • Бишкек шаарында уйдун сулп этинин баасы 870 сомдон сатылат. Ал эми сөөгү менен эттин дүң баасы баасы 700 сомдон, чекене баасы 770 сомдон, койдун эти дүң баасы 820, чекене баасы 880 сом деп белгиленди.
  • Чүйдө уйдун сулп этинин баасы 850, сөөгү менен дүң баасы 700, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800, чекене баасы 880 сом.
  • Нарын облусунда уйдун сулп этинин баасы 840 сом, сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 840 сом.
  • Ысык-Көлдө уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 840 сом.
  • Таласта уйдун сулп этинин баасы 850 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800 сом, 840 сом.
  • Ошто уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 880 сом.
  • Жалал-Абадда уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 880 сом.
  • Баткенде уйдун сулп этинин баасы 880 сом, сөөгү менен дүң баасы 705 сом, чекене баасы 775 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 850 сом.
Андан сырткары, фарштын А категориясына (80 пайыз эт, 20 пайыз май) Б категориясына (60 пайыз эт, 40 пайыз май) туруктуу баалар бекитилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан