Бүгүн, 17-сентябрда социалдык тармактарда Бишкектеги кафелердин биринде кардар эсепти төлөбөй чыгып кеткени тартылган видео тарады.
Бул факт Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.
Учурда милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар адамды аныктоо жана болгон жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга ылайык юридикалык баа берилет.