Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров кечээ, 16-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына "Боз салкын" тасмасын тартуу учурундагы кадрлар камтылган видео жарыялады.
Режиссёр "20 жыл илгери тартыптырбыз ушул эпизодду, түнү менен уктабай" деген жазуу калтырган.
Белгилей кетсек, "Боз салкын" тасмасы 2007-жылы жарык көрүп, кыргыз көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Тасмадагы башкы каармандар жана айрым эпизоддор бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой, көрүүчүлөр тарабынан кызыгуу менен эскерилип келет.