Эртең, 18-сентябрда Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9... +14, күндүз +26... +31;
- Талас жергесинде түнкүсүн +7... +12, күндүз +23... +28;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13... +18, күндүз +27... +32;
- Нарын аймагында түнкүсүн +4... +9, күндүз +22... +27;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9... +14, күндүз +20... +25;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +12... +14, күндүз +29... +31 градус болот.